Бокс аркылуу коомдогу ордумду таап, дүйнө кыдырып, турмуштун түрдүү кыйынчылыктарын жеңүүнү үйрөнө алдым. Албетте, кээ бир спортчу катары жетпеген ийгиликке машыктыруучу катары жетким келет. Бул тууралуу Эрмек Сакенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз бокс мектебинин пайдубалы күчтүү болгондуктан келечекте сөзсүз ири жетишкендиктер, ийгиликтер болот.
"Мен бокска 8-класста окуп жүргөндө келгем. Кеч барганыма байланыштуу спорттогу жолдун башталышы кыйын болду. СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, легендарлуу Геннадий Аноприев деген машыктыруучунун колунда машыгып, спорттон тышкары да көп нерсе үйрөнө алдым. Ал белгилүү Орзубек Назаров, Асылбек Таласбаев өңдүү боксчулардын насаатчысы катары ири ийгиликтерге жеткен. Республикалык жана эл аралык бир катар мелдештерде өлкө намысын коргоп, болгон аракетимди жумшадым. Буйрук экен, Олимпиада оюндарына катышам деген кыялымды орундата алган жокмун. Бирок бокс аркылуу коомдогу ордумду таап, дүйнө кыдырып, турмуштун түрдүү кыйынчылыктарын жеңүүнү үйрөнө алдым. Албетте, кээ бир спортчу катары жетпеген ийгиликке машыктыруучу катары жетким келет. Спорттук карьерамды жыйынтыктаган соң машыктыруучу болуп, өспүрүмдөргө тажрыйбам менен бөлүшүп келем. Спортчуга караганда машыктыруучулуктун түйшүгү жана жоопкерчилиги жогору экен", — деди Сакенов.
Ошондой эле адис Кыргызстандагы бокстун тарыхын эске алып мамлекеттик колдоо жакшы болсо дүйнөлүк аренада абдан чоң ийгиликтерге жетүү мүмкүндүгүн кошумчалады.