Сеид Атамбаев революция боюнча соцтармактагы маалыматка ишенбөөгө чакырды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү менен тараган маалыматта "Акыркы революция" деп жазылып, ал кайсы күнү саат канчада болору көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү менен революция боюнча социалдык тармакка тарап жаткан чакырыкка ишенбөөгө чакырды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү менен тараган маалыматта "Акыркы революция" деп жазылып, ал кайсы күнү саат канчада болору көрсөтүлгөн.
Сеид Атамбаев акыркы күндөрү провокацияга түрткөн видео, посттор жарыяланып жатканын белгиледи.
"Расмий түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек Шаршенович бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт! Провокацияга алдырбагыла, туугандар. Мындай маалыматтарды биздин ички же сыртта жүргөн душмандар гана таратышы мүмкүн", — деди депутат.
Баары бир кармалат! Ташиев Имамидин Ташовдун кайрылуусу боюнча жооп берди