Маморгандардагы коомдук кеңештер жоюлат. Президент мыйзамга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" мыйзамын күчүн жоготту деп таануу" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган документ мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди жоюу максатын көздөйт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирери кошумчаланды.
Үч облустун 8 айылынын аталышы өзгөрмөй болду. Мыйзамга кол коюлду