БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания калкты тейлөө бөлүмдөрүнүн дарек, графиктери менен бөлүштү.
"Бул бөлүмдөрдөгү кызматкерлер ипотекалык турак жай жана насыя алуу үчүн кантип кезекке турса болорун, электрондук өтүнмөлөрдү толтуруунун жол-жобосун жана мекеменин ишмердүүлүгүнө байланышкан башка суроолордун бардыгына жооп беришет", — деп айтылат маалыматта.
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкы кеңсеси Чыңгыз Айматов проспекти, 1/2 дарегинде жайгашкан. Калкты тейлөө бөлүмү дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин 9:00дөн кечки 18:00гө чейин иштейт (12:00дөн 13:00гө чейин түшкү тыныгуу).
Эгер суроо жаралса 0772 98 89 01, 0552 98 89 01 же болбосо 0 553 98 89 01 (Whatsapp) номерлерине чалып, info@gik.kg электрондук дарегине кат жиберсе болот.