Радио

Өмүрбекова: ЕАЭБ ичинде жетишсиз адистиктер тизмектелип бүтүп калды

ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова 2023-жылы жасалган иштерге токтолду.
Sputnik
ЕАЭБдин төрт интеграциялык багыттарынын бири — бирдиктүү эмгек рыногун түзүү. Бул багытта рынок талап кылган кесиптердин тизмесин түзүү иштеринин 70 пайызы аяктап калды. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, уюмдун бардык өлкөлөрүндө педагог, медицина кызматкерлери жана автомобилдик тейлөө жаатындагы адистерге суроо-талап жогору.
"Евразия экономикалык биримдиги интеграциялоо багытында алдына койгон төрт ири тапшырманын бири бирдиктүү эмгек рыногун түзүү болуп эсептелет. Ал үчүн уюмга кирген өлкөлөрдө кайсыл адистиктер жетишпегендигин, же тескерисинче, талап кылынгандан көп даярдалып жатканын аныктап чыгуу керек эле. Биз 2023-жылдын жыйынтыгы менен бул тизмени түзүү иштеринин 70 пайызын жасап бүттүк. Ага ылайык, беш өлкөдө тең мугалимдер, медиктер жана автокөлүктү башкаруу, тейлөө багытында иш алып барган адистер жетишпейт экен. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөгү окуу жайлар дагы кайсы кесиптерге суроо-талап жогору экенин биздин сайттан карап, ошого жараша адистик даярдоону пландаса болот", — деди Өмүрбекова.
Ал буга чейин ЕАЭБ ичинде жогорку билими тууралуу документтер тааныла турган болсо, эми кесиптик билимин тастыктаган документтерди да таануу боюнча иштер жасалып жатканын кошумчалады.