Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү. №31 мекеменин кызмат адамдарына иш козголду

№31 мекеменин жооптуу кызмат адамдарынын Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап жаткан учурга көңүл бурбаганы аныкталганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Молдовановка айылындагы №31 дарылоо-түзөтүүчү мекемеде көз жумган Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча Башкы прокуратура тиешелүү кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура аталган иш боюнча тергөөгө чейинки текшерүүсүн баштаган.
"Текшерүүдө Жаза аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жооптуу кызмат адамдары "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү" мыйзамдын талаптарын аткарбаганы, Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап жаткан учурга көңүл бурбаганы аныкталган. Ошондой эле анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктөн 5-январда Абдылдаев өз өмүрүнө кол салып, каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Башкы прокуратура Жаза аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси ("Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун") боюнча иш козгоп, тергөө жүргүзүүнү Аскер прокуратурасына тапшырган.
Эскерте кетсек, коомчулукта Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон Абдылдаевдин каза тапканы 5-январда белгилүү болгон. Жаза аткаруу кызматы ал өз өмүрүнө кол салып көз жумганын айткан. Башкы прокуратура Абдылдаевдин мойнунан электр чайнегинин зымынын изинен башка күч колдонгон жаракаттар аныкталбаганын билдирди. Тиешелүү экспертизалардын бардыгы дайындалып, Юстиция министрлиги атайын комиссия түзгөн.
Белгилей кетсек, Абдылдаев 2023-жылдын 15-декабрында диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып УКМКнын Чүй облусу боюнча бөлүмү тарабынан камакка алынган.
16-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Абдылдаевдин баш коргоо чарасын карап, 15-январга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган болчу.
28-декабрда психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу Абдылдаев "инсанияттын такталбаган психикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине жеткирилген.
29-декабрда Арстанбек Абдылдаев жүрөгү, башы, ашказаны ооруп, кулагы шуулдап, алсырап жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган.
Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнүн чоо-жайы айтылды