63 жыл мурда космоско учуучуларды даярдаган борбор ачылган. Видео

Мындан 63 жыл мурда ушул күнү Космонавттарды даярдоо борбору түзүлгөн.
Sputnik
Биринчи отрядга талапкерлерди истребителдин 20 учкучунун ичинен тандашкан. Аларга 35 жашка чейин, бою 175 сантиметр жана салмагы 75 килограммга чейин болушу керек деген талап коюлган.
Космоско ден соолугу бекем адамдар учушу шарт болгондуктан, талапкерлер жүздөгөн текшерүүдөн, изилдөөдөн өтүшкөн.
Аларга чөлдө, сууда жана калың токойдо жашап кете алышы керек деген шарт коюлуп, экзамен тапшырышкан.
1968-жылы Космонавттарды даярдоо борборуна адамзаттын ичинен биринчи болуп космосту багынткан Юрий Гагариндин ысымы ыйгарылган.