Айсулуу Тыныбекова баштаган үч балбан кыз Хорватиядагы турнирге катышат

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтө турган ZAGREB OPEN биринчи рейтингдик мелдешине катышат. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Турнир 10-14-январь күндөрү өтөт. Ага Айсулуу Тыныбекова, Нурзат Нуртаева жана Айпери Медет кызы катышат. Алар башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында килемге чыгат.
Спортчулар аталган беттештен кийин 15-22-январь күндөрү Венгриянын Тата шаарында эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышат. Буга Калмира Билимбек кызы да кошулат.
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде эки кыргызстандык балбан кыз 1-сапка чыкты