"2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмү 100 пайызга жогорулады. Мыйзамга ылайык, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алгачкы он иш күнү үчүн эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11инчи иш күнүнөн тарта айына 10 эсептик көрсөткүч эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат. Жыл башынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмүн 11инчи жумуш күнүнөн баштап 10 эсептик көрсөткүчтөн 20 эсептик көрсөткүчкө чейин жогорулатуу каралды. Башкача айтканда, жөлөк пулдун орточо өлчөмү буга чейин 3 600 сомду түзсө, эми 7 500 сом болот. Ал эми бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду төлөө толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө жүргүзүлөт", — деди Калмырзаева.