БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жетектеген делегация Кытайдын Чанша шаарында курулган экологиялык жактан таза, таштандыларды өрттөөчү Junxin Environment Protection ири заводунун иши менен таанышты. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Junxin Dai Daoguo компаниясынын башкы директору жолуккан. Бул компания инвестор катары таштандыларды өрттөөчү завод куруу каалоосун билдирген.
"Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын утилизациялаган заводдун курулушунун долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгууда. Капсуланы жаз айларында салуу пландалып жатат. Курулуш процесси бир жарым жылга жакын убакытты алат", — деп айтылат маалыматта.
Чанша шаарындагы Junxin заводу таштандыларды кайра иштетип гана тим болбостон, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган илимий-изилдөө иштерин да жүргүзөрү белгиленди. Завод калдыктардан электр энергиясын, курулуш материалдарын, жер семирткичтерди, биодизелдерди, ошондой эле сугат үчүн техникалык сууларды чыгарат. Чанша шаарындагы таштанды полигону жогорку технологиялар паркына айланганы кошумчаланды.
"Junxin компаниясы — катуу таштандыларды, шаардык канализация калдыктарын, полигондогу фильтраттарды, күл жана башка калдыктарды жок кылуу менен алектенген улуттук жогорку технологиялык ишкана", — деди мэрия.
Завод эл аралык стандарттарга жооп берери белгиленди.