БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге Өзбекстанда дагы кылмыш иши козголду. Бул туурасында анын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев билдирди.
Анын айтымында, эл өкүлү Өзбекстанга чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткен. Муну Башкы прокуратура далилдеп, комиссия мүчөлөрүн ишендирген.
Бирок Эрбаев бул оор берене эмес экенин, 1-3 жылга эркинен ажыратуу же 50-100 миң сом айып салуу каралганын кошумчалады.
Жамгырчиев азыр кайда экени белгисиз. Кечээ комиссия аны жоопко тартууга макулдук бергенден кийин качып кеткени айтылууда.
Жаңы жылдын алдында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттен Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук сураган. Эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча айыпталууда. Бул ишти иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, ар бир фракциядан бирден депутат кирген.