БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. 2023-жылдын 11 айында Кыргызстандагы банктар 23 миллиард 324,3 миллион сом өлчөмүндө таза киреше алганын Улуттук банктан кабарлашты.
Буга чейин Кыргызстандын банктар союзу 2022-жылы 23,7 миллиард сом (2021-жылга караганда беш эсе көп) көлөмүндө рекорддук пайда көргөнүн билдирген. Улуттук банктын маалыматтары бир аз айырмаланат, тагыраагы, 23,1 миллиарддан ашык деп көрсөтүлгөн. Бул эсептөө системасынын ар башкалыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Улуттук банк маалыматты киреше салыгын жана мүмкүн болуучу жоготууларды жана зыяндарды жабуу үчүн резервди алып салгандан кийин берген.
Ошол эле учурда башкы банк 11 айга алынган маалыматта салыктарды эсепке алган-албаганын так көрсөткөн эмес. Эгерде чегерүү менен болсо, анда өткөн жылдын 11 айында банктардын пайдасы толук 2022-жылдагы кирешеден ашып кеткен.
Белгилей кетсек, 2022-жылы банктардын таза кирешеси март айынан бери кескин (айына 1 миллиард сомдон ашык) жогорулаган.