Үч облустун 8 айылынын аталышы өзгөрмөй болду. Мыйзамга кол коюлду

Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив
Мыйзам расмий жарыялангандан тарта 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Аталыштары өзгөрө турган айылдар жана айыл аймактары:
Баткен облусунун Көтөрмө айыл аймагы — Молдо Нияз;
Жалал-Абад облусунун Назаралиев айыл аймагы — Үч-Коргон;
Ысык-Көл облусунун Семенев айыл аймагы — Кожояр;
Жалал-Абад облусунун Деш айылы — Тынчтык;
Жалал-Абад облусунун Дукур айылы — Достук;
Жалал-Абад облусунун Чек айылы — Ынтымак;
Ысык-Көл облусунун Комсомольское айылы — Кытай;
Ысык-Көл облусунун Семенов айылы — Кожояр-Ата.
Мыйзам расмий жарыялангандан тарта 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Буга чейин аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окууда жактырган.
Нарын облусу. Архив
Бийлик Кыргызстандагы айрым айылдардын аталышын өзгөртүүнү сунуштоодо. Тизме