БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. АКШнын финансылык жардам бере албай калышы Украина үчүн апаат болмокчу. Бул туурасында The Washington Post басылмасына чыккан макаласында Макс Буттун жазганын РИА Новости жазды.
"Украинага берилчү Американын акчасы түгөндү. Эгерде Конгресс эч кандай аракет кылбаса, Украина болуп көрбөгөндөй апаат менен бет келет", — деген ал.
Журналист бул кырдаалды Европалык саясат боюнча Вашингтондогу борбордун башкы директору Алина Полякова менен талкуулаган. Ал америкалык жардамдын аягына чыгып баратышы Киев бийлиги үчүн жаман болорун белгилеген.
"Ачык айтканда, алар (украиналыктар — ред.) АКШнын көмөгүсүз жеңилет. Россиянын Украинаны жеңиши Штаттардын дүйнөдөгү лидерлигин аягына чыгарат", — деп кошумчалаган Полякова.
Батыш ЖМКлары АКШ менен Евробиримдик украиналык чатактан чарчай баштагандыгын, Зеленскийдин режимин колдоо алсыраганын байма-бай жазууда. NBC телеканалынын билдиргенине таянсак, америкалык жана европалык аткаминерлер Киевдин Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулап жатат. Анда Украинанын келишимге жетиши үчүн баш тарта турган жалпы чектер темасы да сөз болору айтылган.