Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ак үй Россия боюнча чындыкты мойнуна алгысы келбей баш тартууда

Карлсон Украинага же башкаларга бере тургандай АКШнын акчасы калбаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясы Россиянын жеңе тургандыгынан, азыркы кырдаалдагы чындыкты таануудан баш тартып жатат. Бул туурасында америкалык журналист Такер Карлсон X социалдык тармактагы программасында билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШ канча акча салбасын, Украина утулат, бирок Вашингтон бул фактыны моюнга алуудан баш тартууда", — деген ал.
Карлсон Украинага же башкаларга берүүгө АКШда акча калбагандыгын белгилеген.
"Бул Байдендин администрациясын өтө ыңгайсыз абалга кептейт, себеби Зеленскийге президент силердин колдооңорду, акчаңарды, "канча керек болсо, ошончо" деп балким балдарыңарды да убада кылган. Бирок мунун эч кандай деле мааниси калган жок", — деп кошумчалаган журналист.
Анын пикирине таянсак, россиялык армия Украинаныкына караганда саны жана эбегейсиз өнөр жайы жагынан да артыкчылык кылат.
Такер буга чейин Украинаны колдоого каршы пикирин билдирген америкалык саясатчыларды Россия менен байланышы бар деп күнөөлөө менен ооздорун жабууга аракеттер болуп жатканын билдирген эле. Мындан сырткары, ал АКШнын Финансы министрлигинин башчысы Йелленди Украинаны каржылоону колдогону үчүн "өлүмдүн жарчысы" деп айыптаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Washington Post: АКШнын жардамынын кыскарышы Украина үчүн апаат болот