БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 3 700 сомдон 4 500 сомго чейин жогорулаган.
Бүгүнкү күндө ай сайын кошумча социалдык төлөм алуучулардын саны 411 адамды түзөт. Анын ичинен 194ү 18 жашка чейинки балдар, 215и майыптыгы барлар жана экөө ата-эне экени кошумчаланды.