ЖАК Женго каза болду деген маалыматты төгүндөдү

Кримтөбөлдүн адвокаты Назгүл Сүйүнбаева дагы Досоновдун абалы канааттандырарлык экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Женго каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досонов тирүү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Жаза аткаруу кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда Досонов каза болгону тууралуу маалымат тараган. Адвокат Назгүл Сүйүнбаева ал учурда №1 тергөө абагында экенин билдирди.
"Мен жактап жаткан адам №1 тергөө абагына 24-ноябрда которулган. Досоновдун ден соолугу канааттандырарлык. Анын иши боюнча тергөө соңуна чыгып, сотко өткөн. Анткен менен Ош шаардык соту өндүрүшкө албастан материалдарды Жогорку сотко өткөрүп берген", — деди Сүйүнбаева.
Эске салсак, январь айында Ошто криминалдык чатактан улам уюшкан кылмыштуу топтун бир мүчөсү өлтүрүлгөн. Дагы бири арматура менен сабалган. Кылмышты уюштурууга шектелип Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Кадырбек Досонов кармалган. Андан тышкары, буга чейин издөө жарыяланган төрт шектүү колго түшкөн.
УКМК: өмүр бою кесилген киши эркиндикке чыгып ишкерлерди тоноп жүргөн