Ижарачылардан алдап акча алган. "Уста" базарынын коммерциялык директору кармалды

Коммерциялык директор ар бир ижарачыдан ай сайын мыйзамсыз түрдө 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча чогултуп жүргөн деп шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкектеги курулуш материалдарын саткан "Уста" базарында ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында ар бир ижарачыдан ай сайын мыйзамсыз түрдө 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча чогултуп жүргөн деп базардын коммерциялык директору кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
1 / 2

Бишкектеги курулуш материалдарын саткан "Уста" базарында ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталды

2 / 2

Билдирмеге караганда, бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында ар бир ижарачыдан ай сайын мыйзамсыз түрдө 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча чогултуп жүргөн деп базардын коммерциялык директору кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген

"Ал ижара төлөмдөрүн 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабай ижарачылардан алдап акча алууну уланткан. Ошол эле учурда базар администрациясы соода кылгандар менен ижара келишимин түзгөн эмес. Мындай жол менен базар жетекчилиги мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качкан", — деп жазылат кабарда.
Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
УКМК базарлардагы соодагерлерден негизсиз акча чогултууга бөгөт койду. Чоо-жайы