Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары жолукту. Талкууланган маселелер

Хакан Фидандын президент Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын Кыргызстанга жасаган расмий сапары бүгүн соңуна чыгат. КР Тышкы иштер министрлиги анын жыйынтыктары менен бөлүштү.
1 / 2

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын Кыргызстанга жасаган расмий сапары бүгүн соңуна чыгат

2 / 2

Фидандын расмий сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2024-2026-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюлду

Талкууланган маселелер:
мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу стратегиялык жана боордош мамилелердин учурдагы абалы жана келечеги;
эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн деңгээлин жогорулатуу;
Кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү;
өлкөлөр ортосундагы аскердик-техникалык жана аскердик-коргоо чөйрөлөрүндө өнүгүп жаткан кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү;
Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ишмердүүлүгү, “Маариф” билим берүү фондунун мектептеринин тармагын кеңейтүү;
КР жарандарынын Түркиянын медициналык мекемелеринде акысыз дарылана турган макулдашууну кайра жандандыруу;
эки мамлекеттин жарандарынын жашоосун, иштөөсүн, окуусун жана өз ара саякаттоосун жеңилдетүү.
Фидандын расмий сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2024-2026-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюлду. Ошондой эле биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 6-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Иш сапардын алкагында Хакан Фидандын президент Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эрдоган Түркия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин айтты