БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Евробиримдик Россияга каршы салган санкциялардан 500 миллион еврого чукул каражат жоготту. Бул туурасында Бундестаг депутаты Маттиас Моосдорф айтканын РИА Новости жазды.
"Санкция Батышка гана тиешелүү болуп жатат. Россиянын өзүндө "курчоодогу чеп" менталитети бекемделүүдө. Евробиримдиктин санкциялардан тарткан чыгымы, кыязы, 500 миллион евродон ашып кетти", — деген депутат.
Буга чейин Германиянын финансы министри Кристиан Линднер Берлин ЕБдин Киевге берип жаткан жардамынын 50 пайызын төлөөрүн айткан эле. Ал, мындан сырткары, орустарга каршы киргизилген санкциялар нефть менен газдын кымбатташына таасирин тийгизгендигин мойнуна алган.
Украинада атайын операция башталгандан тарта Батыштын мамлекеттери Москвага экономикалык басымын күчөткөн. РФ лидери Владимир Путин ал чектөөлөр дүйнө экономикасына олуттуу сокку урганын айткан. Анткен менен Россия санкциялардын кесепети менен күрөшүп, кыйынчылыктан чыгып кетүүдө. Ал эми Батыштагылар чектөөлөр өздөрү үчүн майнапсыз болгонун бир нече ирет белгилешкен.