БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Өзбекстандык окумуштуулар дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы помидор-вакцина ойлоп табышты.
Бул туурасында жазган Sputnik Uzbekistan жаңы TOMAVAC вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн кабарлады.
Алар коронавирустун S1 белогу бар сорттогу жашылчаны өстүрүшкөн.
Өзбекстандык окумуштуулар TOMAVAC вакцинасынын оор келген кыйыр таасирлери байкалбаганын айтышкан.
Вакцина иштелип жатканда Telegram каналы материал даярдаган. Анда адистер бул жаңычылдыктар туурасында кеңири айтып беришкен.