Мэр Бишкекте жол киренин кантип аныкталганын түшүндүрдү

15-январдан тарта борбор калаада жол акысы көтөрүлөт. Шаардыктар аны үч ыкма менен төлөй алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев коомдук транспорттордогу жол кире боюнча орточо баа кандайча аныкталганын Sputnik радиосуна айтып берди.
"Мен келгенге чейин тариф коомдук талкууга чыгып калган эле. Анда нак төлөгөндө 27-30 сом, нак эмес 20 сом болгонуна макул болгон эмесмин. Эмне үчүн баа мындай болгонун сураганымда сунушталган ыкма жүргүнчүлөрдү накталай эмес төлөм системасына өтүүсүнө түрткү болот дешкен. Аталган система мэрияга ылайыктуу болгону үчүн эле элди бул шартка мажбурлаган натуура экендигин айттым. Компромисстик жол издеп, шаардыктарды түз эмес төлөмгө тартуунун зарылдыгын белгиледим. Ошондо пайда таппасак да автобустарды тиешелүү түрдө карап, оңдоп-түздөп турганга мүмкүнчүлүк берген сумма аныкталды. Биз ошентип теңдештирилген тарифти, 17-20 сомдун ортосун карадык. Ошол эле учурда жүргүнчүлөр Megapay тиркемесин пайдаланып 11 сом менен жүрө алат, эгерде мурдагыдай эле түз же накталай төлөйм десе жол киреси 20 сомго чыгат", — деп түшүндүрдү калаа башчысы Жунушалиев.
Эске салсак, жаңы тариф боюнча "Тулпар" картасы менен жүргөндөр 17 сом төлөйт.
Бишкек мэри коомдук транспортко контролерлор керек экенин айтты