ЕАЭБде Кыргызстандын калкы эң жаш деп эсептелет

Кыргызстандыктардын орточо курагы 28,3 жаш деп табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын башына карата Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын калкы эң жаш деп аныкталган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын "Демография сандар менен. ЕАЭБ статистикасы" деп аталган маалымат жыйнагында айтылат.
Кыргызстандыктардын орточо курагы 28,3 жаш деп табылган (эркектердики 27,4, аялдардыкы 29,2).
Кыргызстандан кийин 32,1 жаш менен Казакстан турат (эркектердики 30,5, аялдардыкы 33,7). Арменияда орточо курак деп 37,4 жаш деп табылса, Россия менен Беларуста 40, 7 жана 41,2 деп аныкталды.
Кыргызстанга которулган акчанын 90%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет