Кыргызстан футбол командасынын Азия кубогундагы оюндарын УТРК Спорт көрсөтөт

Улуттук команда биринчи беттешине 16-январда чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. УТРК Спорт телеканалы Кыргызстан командасынын Катарда өтө турган футбол боюнча Азия кубогундагы оюндарын түз эфирде көрсөтөт. Бул туурасында Кыргыз футбол союзу билдирди.
Улуттук телерадио корпорациясынын карамагындагы спорттук канал оюндардын баарын көрсөтүүнү убадалады. Турнир 12-январда башталат. Мындан сырткары, эфирлер сайтында жана телеканалдын тиркемесинде да жеткиликтүү болот.

Оюндардын расписаниеси (Бишкек убактысы боюнча):

16-январь
Таиланд — Кыргызстан, 20:30да Абдулла бин Халиф атындагы стадиондо.
21-январь
Кыргызстан — Сауд Арабиясы, 23:30да Ахмад бин Али атындагы стадиондо.
25-январь
Кыргызстан — Оман, 21:00дө Абдулла бин Халиф атындагы стадиондо.
Кыргызстандын футболчулары Азия кубогуна экинчи ирет катары менен катышууда. Буга кошумча, быйыл 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатына жолдомо алуу үчүн күч сынашат.
Дохада "Ак шумкарларды" кантип тосушту. Видео