Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди

Эл өкүлү мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси боюнча айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Депутат Эмил Жамгырчиев шектелген иште кылмыштын бар-жогун иликтеген комиссия кесиптешин жоопко тартууга макулдук берди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга маалымат булактар билдирди.
Мындай чечимди депутаттык комиссия бүгүнкү жыйынында кабыл алган. Эми алардын корутундусу жалпы депутаттардын кароосуна киргизилет.
Жаңы жылдын алдында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттен Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук сураган. Эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча айыпталууда. Бул ишти иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, ар бир фракциядан бирден депутат кирген.
Тыюу салуунун да чеги болуш керек. Шакиев менен Талиева кайым айтышты. Видео