ДССУ коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп, бет кап тагынууну улантууга чакырды

Адистер ооруну алдын алуу үчүн эмдөөдөн өтүү керектигин эскертет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус бир нече жумадан бери көптөгөн өлкөлөрдө COVID-19га кабылгандардын саны көбөйүп жатканын айтып, буга байланыштуу бет кап тагынып, вируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу Гебрейесус өзүнүн социалдык баракчасына жазганын Sputnik радиосу билдирди.
"Сасык тумоо жана башка патогендерден келип чыккан респиратордук оорулардын саны бир нече жумадан бери көптөгөн өлкөлөрдө өсүп жатат. Ал майрамдардан кийин да күч алышы мүмкүн", — деп жазган ДССУнун жетекчиси.
Гебрейесус буга байланыштуу коронавирусту текшерген тесттен өтүп, керек болгон учурда дарыгерге кайрылуу керектигин эскерткен.
"Бет кап тагынып, аралыкты сактоону уланта бергиле. Ошондой эле жакындарыңардын COVID-19 менен гриппке каршы эмдөөдөн өткөнүн көзөмөлдөп тургула", — деп кошумчалаган ДССУнун башчысы.
Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев COVID-19га каршы вакцина алууга чакырды