Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайра камалды

Вице-президент 30-декабрда тергөөчүнүн өтүнүчү менен кайрадан 4-февралга чейин камакка алынганы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Күрөш федерациясынын грек-рим күрөшү боюнча вице-президенти Ахрор Иминов кайра камалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.
Иминов өткөн жылдын октябрь айында кармалып, бирок ноябрдын ортосунда эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде коё берилген. Вице-президент 30-декабрда тергөөчүнүн өтүнүчү менен кайрадан 4-февралга чейин камакка алынганы маалым болду.
Иминов кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу топторун каржылап турган деп шектелүүдө. УКМКнын маалыматына ылайык, ал жүк ташуу жана логистика боюнча бир нече компаниянын ишине кийлигишип, алардан уюшкан кылмыштуу топтун жалпы кассасына деп кирешесинин 30 пайызга жакынын алууга катышкан.
УКМК: Ысык-Көлдө россиялык инвестордон коттедж шаарчасын тартып алышкан