Респиратордук вирустук инфекциялар жыл бою жүрөт. Бирок көбүнчө оорунун баш көтөргөн учуру күз-кыш мезгилинде байкалат. Анткени күзгү сууктун башталышы менен көптөгөн адамдардын иммундук системасы алсырап, вирустун тез жугуусуна шарт түзөт. Бул тууралуу Гүлнара Чодобаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыш мезгилинде жетиштүү деӊгээлде уктап, организмди эс алдыруу маанилүү.
"Күз жана кыш мезгили респиратордук инфекциялардын күчөгөн учуру. Бул учурда сасык тумоо жана КРВИ менен ооруп калуу жеңил. Анткени адамдар көп убактысын үйдө, жабык имараттарда бири-бири менен тыгыз байланышта өткөрүшөт. Респиратордук инфекцияларды жуктуруп алуу коркунучунун жогорулашынын дагы бир себеби — нымдуулуктун төмөн болушу. Бул вирустардын узак убакыт жашашына гана мүмкүндүк бербестен, бат тарап, жугушуна шарт түзөт. Суук айларда күн нурунун жетишсиздиги да иммундук системага терс таасирин тийгизет. Андан тышкары, жетиштүү деӊгээлде уктап, организмди эс алдыруу маанилүү. Сасык тумоодон сактануунун эң жакшы жолу – колду 20 секундадан кем эмес самындап жууп туруу, кир кол менен бет, көз, мурун же оозду кармалабоо керек. Жөтөлгөндө же чүчкүргөндөр менен жакын мамиледе болбоо жана эшик туткалары сыяктуу көп колдонулган жерлерди дайыма дезинфекциялоо сунушталат. Ошондой эле аба ырайына жараша кийинип, бардык керектүү макро жана микроэлементтерге бай, аш болумдуу тамак-аш менен тамактануу, суюктукту жетиштүү ичүү жана денеге, психикага ашыкча жүк артпоого аракет кылуу керек. Ошондой эле вирустук ооруларга каршы эмдөө алууну унутпаңыз. Айрыкча балдар, карылар, өнөкөт оорусу барлар, кош бойлуулар жана коом менен тыгыз иштегендер илдетти алдын алуусу зарыл", — деди Чодобаева.
Ал бул учурда адамдар курамында С витамини көп болгон табигый азыктарды жегенге аракет кылышы керектигин кошумчалады.