Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Британиялык эксперт Залужныйдын Россиянын чабуулунан кийинки абалы тууралуу айтты

Жума күнү Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын 41 аскердик объектисине чабуул койгону белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный Россиянын алардын аскер объектилерине койгон чабуулдарынан кийин ооруга кабылчу адамдай болуп калды. Бул туурасында РИА Новости британиялык аналитик Александр Меркурис The Duran YouTube каналындагы түз эфирде айтканын жазды.

"Ал абдан жаман болду. Жакында нерв системаларынын оорусуна чалдыга турган генерал жана башкы кол башчы катары көрүндү. Кыязы, бул нерсе кармаштагы кырдаал боюнча көп нерсени айтып турат", — деп белгилеген эксперт.

Меркурис Залужныйдын Жогорку Радада өзүнөн чыгып каардана сүйлөгөнү айланасындагы адамдардын өлүмүнөн улам болду деген божомолун билдирди.
"Россиялык чабуул украиналык аскерлердин жылдызын кантип түшүрүп, маанайын кандай кылып чөгөрүп койгонун көрүп жатабыз", — деген эксперт.
NV.ua басылмасы 4-январда Залужный Жогорку Радада мобилизация жөнүндө мыйзам каралып жатканда эмоция менен сүйлөгөнүн жазган. Бешинчи күнү Россиянын Коргонуу министрлиги РФтин Куралдуу күчтөрү Украинанын 41 аскердик объектисине чабуул койгону боюнча билдирүү тараткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина: Зеленский тууралуу Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы катуу айтты