Радио

"Түндүк" мамлекеттик порталында санарип документтердин саны көбөйөт

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов "Түндүк" тиркемеси аркылуу алдын ала маалыматтар кабарланып, кызматтарды убагында алууга эскертүүлөр келерин айтты.
Sputnik
"Түндүк" мамлекеттик порталында санарип документтердин саны көбөйүп, жарандар үчүн жеңилдетилген ыкмалар колдонулат. Алсак, жакында пенсиялык китепче кошуларын Чыңгыз Аманатов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик санариптик документтер эми башка электрондук банктык капчыктарда да колдонула баштайт.
"2024-жылы "Түндүк" мамлекеттик мекемеси бир топ өзгөрүүлөрдү, жаңыланууларды киргизет. "Түндүк" уюлдук тиркемеси аркылуу жарандар үчүн алдын ала маалыматтар кабарланып, кызматтарды убагында алууга эскертүүлөр келип турат. Маселен, паспорттун жарактуулук мөөнөтү бүткөндө, вакцина алуу учуру келсе кабарланып, тиешелүү маалыматтар сунушталат. Мындан тышкары, санарип документтердин саны көбөйүп, жарандар үчүн жеңилдетилген ыкмалар киргизилип, башка электрондук банктык капчыктарда да колдонула баштайт. Эгерде мамлекеттик органдар даяр болсо талап кылынган документтердин саны өсөт", — деди Аманатов.
Ошондой эле адис санариптик документтер, кызматтар эл аралык стандарттагы коопсуздук менен камсыздалып, киберчабуулдарды алдын ала аларын кошумчалады.