Россиялык инвесторлор Кыргызстанга 130 млн. доллар салышты

Республикада түзүлгөн россиялык экспорттук борбордун өкүлчүлүгү РФ инвесторлоруна Кыргызстандын рыногуна киргенге жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. 2023-жыл абдан активдүү болуп, россиялык инвесторлор Кыргызстанга 130 миллион доллар салышты. Бул туурасында Sputnik радиосуна РФтин Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов айтып берди.
Өткөн жылы Россиядан ондогон бизнес-миссиялар келип, өлкөдө жогору деңгээлдеги бир нече иш-чара уюштурулду.
"Соода өнөктөштүктүн алкагында 70тен ашык иш-чара өттү. Бул жакка ишкерлер Калининграддан тарта Красноярскиге чейин келишти. Негизинен Кыргызстан Россия бизнеси үчүн кызыктуу багыт болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө өлкөдө Россиянын катышуусу менен 1100дөн ашуун компания катталган. Өткөн жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен алсак, инвесторлор Кыргызстанга жалпы 130 миллион доллар алып киришкен. Бул көрсөткүч аркылуу алып караганда, россиялык ишкерлер кытайлык бизнесмендер менен лидерлик позицияда турат", — деп айтып берди Саманов.
Ал өткөн жылы эки мамлекеттин расмий ведомстволорунун ортосунда өз ара кызматташуунун деңгээли өскөнүн белгиледи.
"Кыргызстан менен Россиянын Экономика министрликтери дайыма байланышта, өнөр жай боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Башкы максат — өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Мындан сырткары, республикада түзүлгөн россиялык экспорттук борбордун өкүлчүлүгү РФ инвесторлоруна Кыргызстандын рыногуна киргенге жардам берет. Андан тышкары, экономиканын ар башка тармактарындагы долбоорлорду финансылоого көмөктөшөт", — деди Саманов.
Ал 2024-жылда да бул багытта Россияда көп иш-чараларды өткөрүү пландалгандыгын кошумчалады. Самановдун айтымында, кыргызстандык ишкерлер жана расмий тараптар ага активдүү катышмакчы.
"Кыргыз алтын" менен россиялык компания Балыкчыга логистикалык борбор ачат