Кыргызстандын желегин өзгөртүү

"Ала-Тоо" аянтына өзгөртүлгөн желек салтанаттуу көтөрүлдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтына өзгөртүлгөн желек салтанаттуу көтөрүлдү.
Бул ирет парламент тарабынан кабыл алынып, президент кол койгон дизайндагы туу илинди.
Эске салсак, 1-январда борбордук аянтка башкача дизайндагы желек тагылган. Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, нааразычылыктар менен коштолгон.
Буга чейин мамлекет башчы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевди туунун бир катар элементтерин өзгөртүүнү суранганын айткан. Коомдо мамлекеттик туунун өзгөрүшү боюнча ар кыл пикирлер жаралып, бир катарлары каршы чыккан. Депутаттар сунушталган мыйзам долбоорун колдоп, акырында мамлекеттик туу өзгөргөн.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Туу өзгөрсө документтер мөөнөтү бүткөнчө, бийлик чечим чыгарганча жарактуу болот