Ошко Россиядан жардам катары азык-түлүк жеткирилди

Быйыл жалпы жонунан Россиядан Кыргызстанга 6,4 миң тонна азык-түлүк жеткирилери айтылды.
Sputnik
ОШ, 8-янв. — Sputnik. Ошко кезектеги азык-түлүктүн (202,5 тонна байытылган ун) партиясы жеткирилди. Россия мындай жардамды БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу кайтарымсыз берди. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Оштогу кеңсесинин жетекчиси Александр Морозов билдирди.
Анын айтымында, ун өлкөнүн түштүк аймактарындагы болжол менен 4600дөй адамга азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн берилет.
1 / 5

Ошко кезектеги азык-түлүктүн (202,5 тонна байытылган ун) партиясы жеткирилди

2 / 5

Россия мындай жардамды БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу кайтарымсыз берди

3 / 5

Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Оштогу кеңсесинин жетекчиси Александр Морозов билдирди

4 / 5

Аяр катмардагы үй-бүлөлөргө 300 килограммдан байытылган ун жана 30 литр өсүмдүк майы берилет

5 / 5

Бул үчүн алар жергиликтүү инфраструктураны калыбына келтирүүгө, жаратылыш кырсыктарына жана климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүүгө багытталган коомдук долбоорлорго катышуусу керек

Аяр катмардагы үй-бүлөлөргө 300 килограммдан байытылган ун жана 30 литр өсүмдүк майы берилет. Бул үчүн алар жергиликтүү инфраструктураны калыбына келтирүүгө, жаратылыш кырсыктарына жана климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүүгө багытталган коомдук долбоорлорго катышуусу керек. Ал эми потенциалды жогорулатуучу тренингдерге катышкандар 150 килограмм байытылган ун жана 15 литр суу май алышат. Морозов бул долбоорлор жарандардын иш менен камсыздалуу мүмкүнчүлүгүн дагы жакшырта турганын кошумчалады.
"Быйыл жалпы жонунан Россиядан Кыргызстанга 6,4 миң тонна азык-түлүк жеткирилери пландалган. Былтыр 4,5 миң тонна азык-түлүк келген", — деди ал.
Россиялык инвесторлор Кыргызстанга 130 млн. доллар салышты