Мында ак халатчандар күйүктөн териси жабышып калган жерлерди бошотушат, үзүлгөн органдарды улап тигишет, пластикалык операцияларды жасашат, айтор, органдагы эң майда кан тамыр, нервдерди улоо ушулардын мойнунда.
"Бир жолу 12 саат операция жасадым. Суу ичпейсиң, сыртка чыкпайсың, тамактанбайсың... Башка хирург сенин ордуңа келип отурбайт. Операция учурунда ачка болгонубузду, башка нерселерди сезбей калабыз. Транска киргендей эле болобуз", — деген Жороев адамдардын жашоосуна техника аралашкандан тартып кырсыктар көбөйгөнүн билдирди.
"Колун иштеп жаткан электр эт туурагычына салып жиберген кызды алып келишти. Ошол эт туурагычтан чыкпаган калыбында жабдыкты кошо көтөрүп келишиптир. Кыздын манжаларын жабдык туурап чыгарып салыптыр. Биз наристенин колун эт туурагычтан чыгарып, манжаларын топтоп, кайра курап бердик", — деди ал кесибиндеги эсинде калган окуялардын бирин айтып жатып.
Жороев ар түрдүү кырсыктан колу-буту, кулак-мурду кесилип кеткендер, ал тургай денесинин бир органы үзүлүп калгандар болорун да белгиледи. Айтымында, мындайда бейтаптар органын баштыкка салып көтөрүп келишет, эгерде андагы нервдер тирүү болсо бардык кан тамырларды кайра туташтырып тигип, операция жасашат. Адис адамдын жашоосунда мындай кокустук болуп кетсе органды муздак жерде кармап келүү керектигин эскертти. Нервдер муздакта көпкө чейин сакталат.
Тема боюнча: