Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев COVID-19га каршы вакцина алууга чакырды

Министр өзү дагы бир ирет эмдөөдөн өттү. Ал Sinovac препаратын алды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.
Бейшеналиев Кыргызстанда абал туруктуу экенин, бирок ДССУ көпчүлүк өлкөлөрдө коронавирус менен ооругандар көбөйгөндүктөн бет кап тагынууга, эмделүүгө үндөп жатканын эске салды.
Министр өзү дагы бир ирет эмдөөдөн өтүп, Sinovac препаратын алды.
Кыргызстанда Sinovac (мөөнөтү июнь айына чейин) вакцинасынын 150 миң дозасы бар. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Pfizer препаратынын 20 миң дозасы келери күтүлүүдө.
Мониторингдин маалыматына караганда, жума сайын коронавирустун экиден алтыга чейинки учуру катталууда. Өлкөдө эпидемиялык абал туруктуу.
Өкмөт эмдөө үчүн кошумча каражат бөлөт