Кыргызстанда чыгарылган балмуздак негизинен ЕАЭБге экспорттолот

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстанда чыгарылган балмуздактын дээрлик бардыгы ЕАЭБге экспорттолот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Билдирмеге караганда, балмуздакты башка мамлекеттерге сатуу 22,3 пайызга өскөн. Өткөн жылдын 10 айында дээрлик 6 миң 61,4 тонна балмуздак сатылган. Ал эми 2022-жылдын 10 айында 5 миң тоннадан азыраак экспорттолгон.
Таттуунун бул түрүнүн көбүн (98 пайыз) Казакстан сатып алса, 2 пайызы Өзбекстанга экспорттолот.
Кыргызстан экспортунун 40%дан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет