Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Бийлик 1-январда "Ала-Тоо" аянтына туура эмес желек илингенин моюндады. Видео

Ал элди мындан ары туу темасын жаап, ынтымакта жашап, өлкөдө бийлик бар экенин унутпоого чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Ала-Тоо" аянтына 1-январда такталбаган туу илинип калганын билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн борбордук аянтта өзгөртүлгөн туу салтанаттуу көтөрүлдү. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү менен депутаттар катышкан. Салтанаттуу иш-чарадан кийин Касмамбетов журналисттердин суроолоруна жооп берген.
"Моюнга алышыбыз керек, адегенде жаңы жылдык майрам бүтөрү менен балким жакшы ниет, тилек менен жаңы жылды жаңы туу менен тосолу деген жагдайда толук такталбаган, кароодон өтө элек туу илинип бир топ ызы-чууну жаратып жиберди. Бул тууралуу да кийинчерээк кеп кылабыз. Бүгүнкү туу Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, өкмөттүн токтому менен бардык параметрлери, түсү, узун-туурасы бекитилген", — деди Касмамбетов.
Ал элди мындан ары туу темасын жаап, ынтымакта жашап, өлкөдө бийлик бар экенин унутпоого чакырды. Мындан тышкары, ал Садыр Жапаров тууну алмаштыруу аземине эмнеге катышпаганын да түшүндүргөн.
"Туубуздун өзөгү өзгөргөн жок. Эгерде туу өзгөрө турган болсо бүт Кыргызстан боюнча расмий иш-чаралар жарыяланып, бардык айыл өкмөтүнө, мамлекеттик органдарга, бардык жерлерде салтанаттуу көтөрүлмөк. Бул туубузга толуктоо менен өзгөртүүлөр кирди. Өзөгү толук өзгөрбөгөндөн кийин президент катышкан жок", — деп түшүндүрдү мамкатчы.
Эске салсак, 1-январда борбордук аянтка башкача дизайндагы желек тагылган. Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, нааразычылыктар менен коштолгон.
Буга чейин мамлекет башчы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевди туунун бир катар элементтерин өзгөртүүнү суранганын айткан. Коомдо мамлекеттик туунун өзгөрүшү боюнча ар кыл пикирлер жаралып, бир катарлары каршы чыккан. Депутаттар сунушталган мыйзам долбоорун колдоп, акырында мамлекеттик туу өзгөргөн.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Кыргызстандыктар эми өзгөртүлгөн желекти колдонот. Мыйзам күчүнө кирди