Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Баарынан ажырайт". Киев Белгородго чабуул койсо эмнеге тушугары айтылды

Журналист жазыксыз адамдардын өмүрүн кыйган Киевдин мындай стратегиясын Батыш колдобойт деген пикирде.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Эгерде Украина Белгородго сокку ура турган болсо, Батыш мамлекеттери аны берилчү жардамдан ажыратып, болгон-бүткөн финансылык байланыштарын үзүп коет. Бул туурасында Франциядагы LCI телеканалынын эл аралык баяндамачысы Магали Барте айтканын РИА Новости жазды.
"Эгерде Белгородго урулган сокку арбып, жай тургундар мындан ары да каза таба турган болсо, анда чет элдик өкмөттөрдүн Украина менен финансылык байланышын улантуу кыйынга турат", — деп эскерткен ал.
Журналист жазыксыз адамдардын өмүрүн кыйган Киевдин мындай стратегиясын Батыш колдобойт деген пикирде.
"Жай жарандар менен аскердик бутанын чеги (чабуул коюуда — ред.) кадимкидей жок болуп баратканын так, даана көрүп турабыз. Бул — тобокелдик. Албетте, мунун баары Батыштын борборлорунда ансыз деле жаңы кредиттерди бекитүү кыйындап бараткан чакта дыкаттык менен байкоого алынып турат", — деген Барте.
Өткөн жылдын 30-декабрында Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Украинанын аскердик күчтөрү аймактын борборун күндүз аткылагандыгын билдирген. Расмий маалыматтарда анын кесепетинен 25 киши көз жумуп (анын ичинен бешөө балдар), 109 жай тургун жабыркагандыгын билдирген. 31-декабрда медиктер атайын учак менен оор жаракат алган 25 адамды Москва шаарына жеткирген, алардын арасында балдар да бар экени айтылды. Мындан сырткары, ӨКМдин атайын борту жаракат алган балдар менен алардын ата-энесин да алып барган. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко аларды медициналык борборлорго жайгаштырууга көмөк көрсөтүлөрүн, жасала турган операция менен керектелүүчү дарылар мамлекеттин мойнунда болорун убада кылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Белгородго урулган соккуну теракт деп атады