Балыкчыда жука тоңгон музда ойноп сууга түшүп кеткен балдар куткарылды

Учурда балдардын абалы жакшы экени, бейтапканада дарыгерлер карап жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Балыкчы шаарында сууга түшүп кеткен балдар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өспүрүмдөр көлмөнүн жука тоңгон суусунун үстүндө муз тээп жатып түшүп кетишкен.
1 / 2

Балыкчы шаарында сууга түшүп кеткен балдар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Ага ылайык, өспүрүмдөр көлмөнүн жука тоңгон суусунун үстүндө муз тээп жатып түшүп кетишкен

"Жерине ыкчам түрдө төрт куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен тартылып, суудан чыга албай жаткан балдарды аман алып чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.
Жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилгени кошумчаланды. Учурда балдардын абалы жакшы, бейтапканада дарыгерлер карап жатат.
Сүлүктүдө уранды алдында калган эки кен казуучу куткарылды. Видео