БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Украина үчүн коркунучтуу сценарий реалдуулукка айланып бара жатат. Бул тууралуу АКШнын Европадагы армиясынын мурдагы башкы командачысы, отставкадагы генерал Бен Ходжес RND агенттигине билдирген.
"Украинанын курал-жарагы түгөндү. Ал эми Европа менен АКШ куралды көбүрөөк өндүрүүнү пландаган жок", — деди ал.
Генералдын айтымында, снаряддардын жетишсиздигинен улам Украинанын Куралдуу күчтөрү россиялык армияга масштабдуу чабуул жасай албайт. Буга байланыштуу Украина айрым аймактарын жоготуп алышы мүмкүн.
"Украиналык жоокерлердин сөзүнө караганда, кээ бир бөлүмдөр тез атар куралдарды колдонууну жай айына салыштырмалуу 90 пайызга азайтты. Баары жетишсиз болуп жатат", — деп айтылат материалда.
Фронттун көпчүлүк участкаларында командирлер өз позициясында канчага чейин чыдап тура алышары белгисиз экени кошумчаланды.