Кытай Тайванга курал жеткирген АКШнын беш компаниясына санкция киргизет

Расмий Пекин Кошмо Штаттар муну менен өлкөнүн эгемендүүлүгүнө жана коопсуздук кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтиргенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кытай Тайванга курал-жарак жеткиргендиги үчүн АКШнын Аскердик-өнөр жай комплексинин беш компаниясына санкция киргизмей болду. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Кытай Америка биргелешкен жоболорду бузуу менен Тайванга курал-жарак сатканын, муну менен алардын эгемендүүлүгүнө жана коопсуздук кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирип, аталган кысыктагы тынчтыкты, туруктуулукту бузарын белгилеген. Ошондой эле ишкерлер жабыр тартарын айтышкан.
Буга байланыштуу Кытай Кошмо Штаттарга катуу нааразычылыгын билдирип, алардын BAE Systems Land and Armament, Alliant Techsystems Operation, AeroVironment, ViaSat жана Data Link Solutions компанияларына санкция киргизген.
Пекин менен Вашингтондун мамилеси 2022-жылы август айында АКШ Өкүлдөр палатасынын ошол кездеги спикери Нэнси Пелоси Тайванга келип кеткенден кийин бузулган. Аралды өзүнүн аймагы деп санаган Кытай Пелосинин тайвандык сепаратизмге Вашингтондун колдоосун жеткирип масштабдуу аскердик окууларды өткөргөндүгүн сынга алган.
ЖМК: Си Цзиньпин Байденге Тайванды кайтарып алууга убада берди