Кыргызстанда туристтик ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия берилбегени үчүн туристтик компаниялар жоопкерчиликти албай жатат. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туризмде ишмердүүлүк кылууга уруксат кагазы 2003-жылы бизнести колдоо максатында токтотулуп, кайрадан аны кабыл алуу мүмкүн болгон эмес.
"Кыргызстанда туристтик ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия берилбейт. Ал 2003-жылы бизнести колдоо максатында токтотулуп, кайрадан кабыл алуу мүмкүн болгон эмес. 2008-жылы мыйзам долбоору оңдолуп, сунушталып, бирок Жогорку Кеңеште колдоо тапкан эмес. Албетте, бул бардыгына тиешелүү эмес. Мунун натыйжасында турбизнестин көбү көмүскөгө өтүп, чындыгында жагдайы кандай экенин айтуу кыйын. Лицензиянын жоктугу компаниялардын жоопкерчилигин таптакыр азайтты. Мисалы, Ленин чокусунда эле 50 тоннадан ашык таштанды жатат. Ошол жерге альпинисттерди алып барган фирмалар, компаниялар тазалыкты сактоого милдеттенме алып, артынан тазалап кетиши керек эле. Бирок аны аныктоо, жоопкерчиликке тартуу кыйын. Мындан тышкары, эл аралык уюмдар менен интеграция болуш үчүн биздин мыйзамдар дүйнөлүк стандарттарга жооп бербейт", — деди Кенжематова.