БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Украина күчтөрү курман болгон аскерлеринин ордун толтура албагандыктан, россиялык жоокерлер кармаштын ар кыл тилкелерин жарып өтүүдө. Бул туурасында АКШ армиясынын мурдагы чалгынчысы Скотт Риттер U.S. Tour of Duty YouTube каналына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
"Адегенде россиялыктар коргонууда болуп жана украиналыктардын жеке курамын талкалаган. Мындай жол менен алар кармашта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кармашууга сала турган адамдарын азайтты, бул Киевдин аскерлерин майданда кысканга мүмкүнчүлүк жаратып берди", — деп түшүндүргөн Риттер.
Анын пикиринде, бул — Россия стратегиясынын глобалдуу бөлүгү. Алгач "урулган соккуну жутуп", касташкан тараптын 90 миң жоокерин жок кылып, анан жарып кирип барууга ык коет.
"Алар Украинанын коргонгон чектерин бөлүп, чабуул коюп, алдыга жылып жатышат", — деген эксперт.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунан кийин атайын операция жүрүп жаткан жерлерде Россиянын аскерлери арымдуу кадамын таштады. Декабрдын соңунда ДЭРдеги Марьинканы толугу менен бошотту. Россиялык десантчылар Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Запорожьедиги маанилүү позицияларын ээлеп, ал жактан бекем орун алгандан кийин каршылаш тарапты тазалады.