Боррель Газа маселесин талкуулоо үчүн Сауд Арабияга барды

Боррель мурдараак Палестина-Израиль жаңжалы боюнча кырдаалга баа берип жатып, эртең өлүп калышы мүмкүн болгондорго гуманитардык жардам жөнөтүүнүн зарылдыгы жок экенин айткан эле.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Евробиримдиктин дипломатиялык башчысы Жозеп Боррель жекшемби күнү Сауд Арабияга барды, ал жерде Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салууну талкуулайт. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Андан сырткары, йемендик козголоңчулардан кеме жөнөтүү коркунучунан улам Кызыл деңиздеги абал боюнча сүйлөшүүлөр болмокчу.
"Сапардын алкагында Боррель жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Саудиянын тышкы иштер министри, канзаада Фейсал бин Фархан жана Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Жассем Мохаммед аль-Будайви менен сүйлөшөт", — деп айтылат европалык тышкы саясат боюнча кызматтан.
Тагыраагы, сапардын негизги максаты – "дипломатиялык кызматаштыкты илгерилетүү, Израиль менен Палестинанын ортосунда жана аймактагы адилеттүү, туруктуу тынчтыкка жетише турган шарттарды түзүү" дешкен.
"Ал ошондой эле Кызыл деңиздеги кооптондурган кырдаалга да көңүл бурат", — деп кошумчалашкан.
Евробиримдик дипломатиясынын башчысы Боррель ноябрдын соңунда Палестина-Израиль жаңжалы боюнча кырдаалга баа берип жатып, эртең өлүп калышы мүмкүн болгондорго гуманитардык жардам жөнөтүүнүн зарылдыгы жок экенин айткан.
Палестин-израиль чыры: Байдендин кеңсеси эки жээкке бөлүнүп калганы айтылууда