Бишкек: орнотулган камералар издөөдөгү кишилерди тапканга жардамчы боло баштады

Шектүү Алтай аймагы боюнча Россиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкекте издөөдө жүргөн жаран жүздү тааныган видеокамералардын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүүгө Алтай аймагы боюнча Россиянын укук коргоо органдары тарабынан уурулук, зордуктоо, жасалма документтерди жасоо айыбы коюлуп, эл аралык издөөдө жүргөн.
ИИМ издөөгө алынган А.Р. 6-январь күнү ички иштер органдары колдонуп жаткан заманбап технологиялардын жардамы менен кармалганын белгиледи.
Бишкекте кеңседеги адамды тапанча менен коркутуп, 425 миң сомун алып кетишкен