Бишкек мэри коомдук транспортко контролерлор керек экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкектин коомдук транспортуна контролерлор керек. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
"Аларсыз болбойт. Анткени акы төлөбөй отуруп алган көптөгөн жүргүнчүлөрдү көрүп жатабыз", — деди Жунушалиев.
Жардамга жаңы түзүлө турган муниципалдык полиция келиши мүмкүн.
Буга чейин мэрия контролерлор накталай төлөгөндөргө билет берери айтылган. Муниципалитет автобус жана троллейбустарда бекер жүрүүнү адатка айланткандарга 1000 сом айып салууну сунуштаган.
Бишкекке кошула турган жерлерди трансформациялоого мораторий киргизилиши мүмкүн