Сомдун курсун кармап туруу үчүн Улуттук банк былтыр канча акча сарптады

Башкы банк жыл ичинде 14 жолу интервенция жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн 2023-жылы валюта рыногунда аз дегенде 655,7 миллион доллар сатты.
Адатта башкы банк курстун өйдө-ылдый болгон секиригин кармап туруу үчүн же Америка валютасынын ашыкча көбөйүп, болбосо жетишпестигин жоюу үчүн доллар сатып же сатып алат. Бул үчүн банкта алтын резервдери бар.
Башкы банк жыл ичинде 14 жолу интервенция жүргүзүп, 655 миллион 715 миң доллар саткан. Эң ири интервенция былтыркы жылдын январь айында жүргүзүлүп, анда 100 миллион доллар сатылган.
Былтыр Улуттук банк доллар сатып алган эмес.
Ал эми доллардын курсу 2023-жылы Улуттук банкта 85,7 сомдон 89,3 сомго чейин өзгөрүп турган.
Узаган жылда алтын куймасына акча салгандар канча киреше көрүштү