Өспүрүмдөрдү алдап баңгизат таратууга чакырып жатышат! Милициянын эскертүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жашы жете электердин баңгизаттарды таратууга катышкан учурлары көбөйгөнүн айтып, ата-энелерди балдарына көз салууга чакырды.
Маалыматка ылайык, баңгизат саткандар өспүрүмдөрдү "тез акча табасың" деген убада менен алдап бул ишке тартууда.
Буга байланыштуу ШИИБ тарбиялык маанидеги социалдык ролик жарыялап, анда баңгизаттын жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында жайылышын алдын алууда коомдун, ата-энелердин жардамы маанилүү экени көрсөтүлгөн.
УКМК: Жалал-Абадда милиционер баңгизат сатып жатканда кармалды