Министрлик: 2023-жылы 13 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөдө ишке орношту

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 2023-жылы чет мамлекеттерде 13 миң 319 кыргызстандык мыйзамдуу түрдө ишке орношту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдирди.
Жарандар кепилденген айлыгы жана социалдык пакети бар жумушка киришкен. Алардын бардыгы кетер алдында окутуудан өтүшкөн. 129 миңден ашык адам миграциялык маселелер боюнча консультацияларды алышкан.
Бүгүнкү күндө министрликтин линиясы менен Россия, Улуу Британия, Түштүк Корея жана башка мамлекеттерде мыйзамдуу негизде ишке орношууга мүмкүн.
Министр: жумуш издеген мугалимдер үчүн портал ачылат