Кыргызстанга кумшекер кайсы мамлекеттерден көп келет. Статистика

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө өзүн кумшекер менен 80 пайызга чейин камсыз кыла алат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстанга импорттолгон кумшекердин жарымынан көбү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин өткөн жылдын 10 айына карата чыгарган жыйынтыгында жазылган.
Кыргызстан өзүн кумшекерге болгон муктаждыгынын жарымынан көбүн камсыздаса, калганы импорттун эсебинен жабылат. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө өзүн кумшекер менен 80 пайызга чейин камсыз кыла алат.
Өткөн жылдын 10 айында Кыргызстанга 41,3 миң тонна кумшекер импорттолгон.
Саткан мамлекеттер:
Россия — 23 миң 350,6 тонна;
Пакистан — 6 миң 20 тонна;
Индия — 4 миң 567 тонна;
Беларусь — 3 миң 897,4 тонна;
Азербайжан — 2 миң 429,6 тонна.
Мындан тышкары, азыраак көлөмдө башка мамлекеттерден да кумшекер сатып алынган. Алар:
Таиланд — 780 тонна;
Казакстан — 105,4 тонна;
Иран — 70,2 тонна;
Бириккен Араб Эмирликтери — 54,9;
Польша — 3,3;
Түштүк Корея — 1,1;
Бельгия — 1;
Германия — 1;
Түркия — 0,3.
Ошондой эле Италия, Швейцария, Өзбекстандан да өтө көп эмес көлөмдө кумшекер импорттолгону айтылды.
Пресс-борбор
Кыргызстан өзүн кайсы азыктар менен камсыз кыла алат?